01

Октябрь

2012

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу ардагерлер, кымбаттуу энелер жана аталар, чоң аталар жана чоң энелер!

 Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атымдан сиздерди Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Улуу муундун өкүлдөрү коомубузда жана үй-бүлөдө өзгөчө баркталат. Кары-картаңдарды урматтоо, улууну сыйлоо, алар жөнүндө өзгөчө камкордук көрүү элибиздин бийик касиети. «Карынын сөзүн капка сал», «Карылар – үйдүн куту» дейт журтубуз.

Карылык – кайрат-күчтөн кайткан мезгил, бирок, акылы жетик, турмуштук тажырыйбасы бай, сөзү, кеп-кеңеши орундуу, уул-кыздары жетилип, коомдогу, үй-бүлөдөгү зоболосу өсүп, кадыр-барк күтө турган кез.

Көптөгөн урматтуу аксакалдарыбыз жана ардагерлер улгайып калышса да, катардан калбай коомдук турмушка жигердүү катышып, эл чарбасынын ар кыл тармактарында эмгектенүүсүн улантып, иши менен да, нускалуу кеби менен да жаштарга бай тажрыйбасын үйрөтүп жүрүшөт.

"Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны" дегендей, сиздердин өтөлгөлүү өмүр, ариеттин аруулугу, эмгекчилдик жана Мекенди сүйүп, элге ак кызмат кылуу сыяктуу асыл сапаттарыңыздар кийинки муундарга ар дайым үлгү болуп кала берет.

Касиеттүү карыялар!

"Карысын сыйлабаган коомдун келечеги жок" деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, карыяларга камкордук көрүп, аларга аяр мамиле жасай алган коом гана өнүгүү, жетилүү жолуна түшө алат.  Ошондуктан, бүгүнкү биз жашаган коомдо карылар биз сыйлап, урматтаган сыйлуу адамдар болгондуктан, аларга камкордукту күчөтүү Кыргыз Өкмөтүнүн эң башкы максаттарынын бири болуп эсептелет. Бардык ардагерлерди, кары­ картаң адамдарды көңүл борборуна алып, камкордук көрүү – мамлекеттин милдети.

Мамлекетибиз экономикалык жактан чоң кыйынчылыктарды башынан кечирип жатса да, жыл сайын пенсияларга кошумчалоонун аракетин жасап жатат. Учурда Кыргыз Өкмөтү ноябрь айында пенсиялардын көлөмүн дагы көбөйтүп, келечекте пенсиялардын минималдык көлөмүн орточо жашоо минимумуна теңөөнүн үстүндө иштеп жатат.

“Карыган адамдарга көңүл буралы жана камкордук көрөлү” аттуу жыл сайын өтүүчү айлыктын алкагында бүгүнкү күндөрү республиканын бардык аймактарында улуу муундун өкүлдөрүнө сый-урмат көрсөтүлүп, даректүү социалдык, материалдык жардамдар берилүүдө жана ар кандай кайрымдуулук иш чаралар өткөрүлүүдө.

Урматтуу ардагерлер, кымбаттуу чоң аталар жана чоң энелер, энелер жана аталар!

             Биз сиздер басып өткөн байсалдуу жолду, элибиздин эртеңи үчүн жасаган эбегейсиз эмгегиңиздерди эч качан эсибизден чыгарбайбыз. “Карысы бардын ырысы бар” дегендей, ырысыбызга шерик болгон кутман карылар, сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктап, баарыңыздарга бакубат турмушта өмүр сүрүүнү каалаймын!