05

Июнь

2017

Премьер-министрдин буйругу менен бир катар мамлекеттик кызматерлерге эскертүү берилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында аткаруучулук тартипти камсыздоо боюнча иштердеги кемчиликтери жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын 2017-жылдын 23-майындагы №7 протоколунун негизинде төмөнкүлөргө эскертүү берилди: -         Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы, Ташболотов Максатка; -         Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы, Жекшенов Бактыбек Жекшеновичке; -         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, Акишев Камчыбек Сабырбековичке.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү