25

Ноябрь

2020

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков 2021-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасын стимулдаштыруу боюнча негизги чыгымдар тууралуу маалымат берди

«Салыктык кирешелер көбөйгөнүнө карабастан, 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтпөйбүз жана ал аркылуу биз бюджеттин тартыштыгын кыскартабыз», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө

Артем Новиков экономикага дем берүүчү 2021-жылдагы негизги чыгымдарга токтолду. 

«Тактап айтканда, коммерциялык банктардын (айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн) пайыздык чендерин субсидиялоого 850 миллион сом, экономиканы санариптештирүүгө - 500 миллион сом, мамлекеттик ипотеканы өнүктүрүүгө - 500 миллион сом; чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө - 100 миллион сом, медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү үчүн 500 миллион сом багытталат», - деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу. 

Өкмөт башчынын м.а. белгилегендей, «Таза Суу» долбоорун ишке ашыруу улантылат. Жалпысынан алганда 2021-жылга карата 96 айыл, башкача айтканда 173,2 миң адам ичүүчү таза суу менен камсыздалат.

Суу тармагындагы ирригациялык курулуштардын камсыздалышына 2020-жылдын башталышына карата 2 млрд сом каралган. 9 айдын жыйынтыгы боюнча 1,5 млрд сом каржыланган. Үстүбүздөгү жылы 13 объектиде –курулуш-монтаждоо иштери, 15 суу чарба объектисинде долбоордук жумуштар жүргүзүлдү, ал эми 3 объекти эксплуатацияга берилди. 

2021-жылы 1700 га жаңы сугат жерлер түзүлүп, 1850 га аянтты суу менен камсыздоо жакшыртылат. Аталган ирригациялык курулуштардын жакшыртылышы аркылуу 31 миң адам иш менен камсыз болот.