22

Декабрь

2020

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин күнү менен куттуктады!

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Энергетиктердин эмгеги баа жеткис, жана абдан зарыл экендигин белгилеймин. Азыркы жашоодогу экономиканын туруктуу өнүгүүсүнүн, өндүрүштүк дараметтин өсүүсүнүн, жарандардын иштериндеги ийгиликтеринин жана турмуштук жактан ыңгайлуу жетишкендиктеринин болушун энергетикалык тутумдун туруктуу иштөөсүз элестетүүгө болбойт. Мына ошол себептүү энергетиканы дүйнөдөгү эң негизги тармактардын түрү катары ишенимдүүлүк менен атоого болот, ал эми ар кандай тармактын өнүгүүсүнө өз ишин мыкты билген жана жан дүйнөсү менен ага берилген адистерсиз жетүүгө мүмкүн эмес. Биз да өлкөбүздүн энергетика тармагында ушундай адамдар иштейт деп ишенимдүүлүк менен айта алабыз.

2020-жылдагы кыйынчылыктарга карабастан энергетика тармагы керектөөчүлөрдү жана республикабыздын стратегиялык обьекттерин энергожабдууну үзгүлтүксүз, татыктуу камсыздап келе жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана күз-кыш мезгилдеринен ийгиликтүү өтүү боюнча чаралар кабыл алынган. Энергетикалык кубаттуулукту иштеп чыгууну көбөйтүүгө, электр энергиясын бөлүштүрүү тутумун жана тармакты техникалык жактан кайра жаңылап жабдууга багытталган маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда.

Өлкөнүн эң алыскы аймактарында электр энергиясынын туруктуу берилишин камсыздап жаткан энергетика тармагынын кызматкерлеринин кажыбас, кайраттуу эмгектерин өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Энергетика тармагында өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алышкан күчтүү жана ишенимдүү адамдар эмгектенишет. Сиздер эмгек майданынын жоокерлерисиздер. Кайсыл майрам болбосун, анын ичинде, ар бир кесиптик майрамды жумуш орундарыңыздарда тососуздар.

Урматтуу энергетиктер!

Жарандарыбыздын үйлөрүндөгү жылуулуктун жана ыңгайлуулуктун натыйжалары болуп эсептелген Сиздердин эмгегиңиздер үчүн баарыңыздарга чоң ыраазычылык билдирем! Өз ишиңиздерди сүйгөндүгүңүздөр жана кесипкөйлүгүңүздөр үчүн Сиздерге чоң рахмат!

Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, жан дүйнөңүздөрдүн жаркын болушун жана асыл ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм!

Келе жаткан жаңы жыл сиздерге ийгиликтерди алып келсин жана бул жылда сиздердин алдыга койгон эң маанилүү максаттарыңыздар аткарылсын!