25

Ноябрь

2020

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Өкмөт атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча ишин улантат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча ишин улантат. Аталган иш 2019-жылы башталган жана үстүбүздөгү жылы өз жыйынтыгын берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Кыргыз Республиканын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республиканын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 34,4 млрд сомдук сынактар ийгиликтүү өттү, анын 42% атамекендик товарлар, жумуштар жана тейлөөлөр түзөт.

«Ошол эле учурда ата мекендик товарлар 36,3% ды түзсө, 2018-жылы бул көрсөткүч 13,7% ды гана түзгөн. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо саясаты товарларды ташып келүү, аларды өндүрүү же импорттоо учурунан баштап, акыркы керектөөчүгө чейин сатууга мүмкүндүк берет жана өлкөдөгү товарлардын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартат», - деп кошумчалады Артем Новиков.