10
Февраль
Премьер-министри Темир Сариев Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды
Бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөттүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Жолугушууда агенттиктин 2015-жылда аткарган иштери жана быйылкы жылга аткара турган планы талкууланды.
Премьер-министр Темир Сариев тоо кен тармагы өлкө экономикасы үчүн өтө маанилүү тармак экенин белгилеп, кен өндүрүүчү ишканаларды ишке берүү боюнча Өкмөттүн жана Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин алдында бир катар милдеттер бар экенин билдирди.
Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев быйылкы жылы сынак өткөрүлүшү пландалган кендерде сынакты өз мөөнөтүндө өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Муну менен катар конкурстарды уюштурууда жергиликтүү аймактардын өнүгүүсүнө басым жасоо керектигин Премьер-министр кошумчалады.
Темир Сариев быйылкы жылы Жерүй, Терекан-Перевальный, Чаарат, Кичи-Чаарат кендериндеги фабрикаларды куруу жана өндүрүштү ишке берүү боюнча планды өз мөөнөтүндө аткарууну көзөмөлгө алууну тапшырды.
Жолугушуу жүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиев Өкмөт башчысына Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылга пландары, жер казынасын пайдалануу укугун алуу боюнча аукциондорду өткөрүү, тоо кендерин казып чыгаруу тармагына инвестицияларды тартуу, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы этаптары тууралуу маалымат берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү