11
Декабрь
Премьер-министри Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна карай 2 күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна карай 2 күндүк иш сапары башталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Светлая Поляна айылындагы жаңы мектептин ачылыш салтанатына катышат. Андан соң Каракол шаарында А.Пушкин атындагы сейил бактагы акындын эстелигинин ачылышына арналган иш-чарага катышат.
Ошондой эле Өкмөт башчы Ак-Суу районундагы гипс чыгаруучу заводдун курулушу менен жеринен таанышмакчы.
Күндүн экинчи жарымында Темир Сариев Кара-Кол шаарында Кыргызстандагы туризм тармагынын көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүүнүн жолдору маселесине арналган жыйындын ишине катышуусу пландалган.
Сапарынын соңунда Премьер-министр Каракол тоо лыжа базасында Кыргызстандагы кышкы туристтик сезонду ачуу аземине арналган иш-чарага катышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү