05

Декабрь

2012

Бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметовдун жумушчу жолугушуусу болду.

Эки мамлекеттин Өкмөт башчылары  эки тараптык мамилелердин мындан ары өнүгүү жолдорун жана мурда макулдашылган келишимдерди, анын ичинен чек ара маселелерин талкуулашты.  Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосунда соода байланышын кеңейтүү зарылчылыктарына токтолушту. Ж.Сатыбалдиев менен С.Ахметов кошуна мамлекетке биздин өлкөдөн сүт азыктарын чыгарууга байланышкан тоскоолдуктарды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

“Казакстан менен болгон соода-экономикалык байланыштар Кыргызстандын экономикалык ишкердүүлүгүндөгү приоритеттүү багыт болгон жана боло бермекчи”, -деди Кыргызстандын Премьер-министри.

Казакстан Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташуусун кеңейтип, товар алмашууну 1 млрд. АКШ долл. жеткирүүгө кызыгдар экенин С. Ахметов белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда Ж. Сатыбалдиев казак тарапты өтүп кеткен Казакстандын биринчи Президент Күнү майрамы жана Казакстандын 2012-2015 жылдары БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешинин курамына шайланышы жана 2017-жылы Астанада  “ЭКСПО-2017”көргөзмөсүнүн өткөрүшү менен куттуктады.

“Биз келерки жылы белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин өткөрүүнү пландаштыруудабыз. Ушуга байланыштуу Астана шаарынын бир көчөсүнө Ч. Айтматовдун ысмын ыйгарууну сунуштайбыз. Бийик деңгелде өткөн мурдагы келишимдерди ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын борборунда А.Малдыбаев атындагы опера балет театрынын жанынан орун алган Театралдык гүлзарга улуу казак акыны жана ойчулу Абайдын ысмын берүүнү кыргыз тарап аныктады”,- деди Ж. Сатыбалдиев.

“Манастын”айкелин Астана шаарында орнотуу жана Ч.Айтматовдун ысмын бир көчөсүнө берүү маселеси чечилди десеңер болот”,- деп С.Ахметов билдирди.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү