05
Декабрь
2012
Бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Монголиянын Премьер-министри Норовын Алтанхуяг менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун маселелери талкууланды. Тоо-кен тармагына инвестиция таратуу жана бул тармакта, айыл, мал- чарбасында инвестициялык климатты жакшыртуу тууралуу ой бөлүшүүлөр Премьер-министрлердин баарлашуусундагы негизги тема болду. Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн кызматташуусундагы потенциял зор экендигин белгилешти.
Келерки жылдан баштап кыргыз-монголиялык мамилелерин активдештирүү боюнча биргелешкен кадамдар жасалаары тууралуу макулдашылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү