02
Ноябрь
Бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов Өкмөттөр аралык Кеңешинин IV жыйынынын жыйынтыгынын негизинде протоколго кол коюшту.
Жантөрө Сатыбалдиев Серик Ахметовдун расмий сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн алдында турган бир катар маселелердин алкагында түшүнүшүүлөргө жетишилгенин белгиледи. “Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көптөгөн маселелерди чечип алдык, ошондой эле, экономиканын ар кыл тармактарында биздин кызматташтыктын мейкиндигин белгиледик”,- деди.
Өз кезегинде Серик Ахметов Өкмөттөр аралык Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы эки мамлекеттин соода-экономикалык жактан өнүгүүсүнө импульс берет деди. “Казакстан Кыргызстандын экономикасынын ири инвестору. Бизде жетиштүү жакшы потенциал бар. 2012-жылдагы биргелешкен сооданын көлөмү 1 млрд. долларга жетти. Эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана бизнес чөйрөсүнүн аракети менен 2013-жыл дагы жемиштүү болот деп эсептейм”,- деди Казакстандын Премьер-министри.
Ошондой эле, Өкмөттөр аралык Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин каржы министрликтери меморандумга кол коюшту.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү