01
Ноябрь
Бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Казак Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында тар курамдагы жолугушуусун өткөрүшүүдө.
Жолугушууну ачып жатып, Жантөрө Сатыбалдиев сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү маселелер чечилээрине үмүт артаарын айтты.
“Эки өлкө ортосундагы товар алмашуу тез өнүгүүдө. Бир млрд. доллар көлөмүнө чейинки мерчемди биз былтыр эле аткарганбыз”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев, Астанага жасаган сапарында жылуу кабыл алгандыгы үчүн Казакстандын Премьер-министрине ыраазычылыгын билдирип.
Өз кезегинде Серик Ахметов казак делегациясы соода-экономикалык багытта, товар жана кызмат көрсөтүүнү жигердүү нукка бурууда тоскоолдуктарды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдирди.
Серик Ахметов жалпысынан баардык багыттарда эки коңшу мамлекеттер ортосунда натыйжалуу жылыштар бар деди.
Андан соң, эки Премьер-министрлердин катышуусу менен кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IV отуруму өз ишин баштайт. Анын натыйжасында тараптар бир катар документтерге кол коюлаарына ниеттенишүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү