11

Апрель

2013

Бүгүн, 10-апрелде, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Премьер - министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Түркиянын Премьер-министри Режеп Таип Эрдогандын катышуусу менен кыргыз-түрк макулдашуулары тар чөйрөдө жана кеңейтилген форматта өттү. 

Жолугушууну Ж. Сатыбалдиев ачып жатып канааттануу менен эки тараптуу мамилелердин өсүү динамикасы туруктуу өнүгүүсүн белгиледи. 

Премьер-министр ТИКА линиясы боюнча биздин өлкөгө ар тараптуу жардам көрсөткөнү үчүн Түркиянын Премьер-министрине ыраазычылык билдирди. 

Сүйлөшүү учурунда Ж. Сатыбалдиев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык тармактагы болгон потенциал  толугу менен колдонулбай жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн багытталган  товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, инвестициялык  өз ара аракеттерди , долбоорлорду ишке ашырууну арттырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү даярдыгын билдирди. Сөз туризм, жеңил өнөр жайы, гидроэнергетика, транспорт жана коммуникация , саламаттык сактоо, билим берүү тармактары жөнүндө болууда. “Биз эки тараптуу соода-экономикалык, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыктарбыз. Өкмөт өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана бизнес чөйрөгө ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча активдүү иш алып барууда. Биз түрк инвесторлорун Кыргызстандын экономикасын активдүү инвестициялоого чакырабыз. Өкмөт өз кезегинде болочок инвесторлордун  киргизилген капиталдардын сактоого кепилдик берет. Ушул жылдын июль айында Өкмөт донорлордун Эл аралык конференциясын өткөрүүнү демилгелөө. Аталган конференциянын ишинен Түркияны чакыруу ниетиндебиз жана анын ишине активдүү катышуусун каалайбыз”,- деди Ж. Сатыбалдиев. 

Жолугушуу учурунда КР Премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуусунун дагы бир аспекти деп афган рыногун өздөштүрүүнү айтты.

Ошондой эле тараптар Түркияда Чынгыз Айтматовдун, Кыргызстанда Тургут Озалдын эстеликтерин орнотууну түрк тарапка кыргыз тарабы сунуштады. 

Түркиянын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган кабыл алуучу трапка жылуу кабыл алуу уюштургандарына ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосунда мамиле жылдан жылга бекемделип жатканын белгиледи. “Кыргызстандагы акыркы убактагы позитивдүү өзгөрүүлөрү Түркияны кубандырат. Биз сиздердин экономикалык бийик өсүштөргө жетишүүңүздөрдү чын жүрөктөн каалайбыз. Түркия Кыргызстанда кандай гана оор абал болбосун дайыма жанында болуп колдоо көрсөтүүгө  даяр”, -деди Түркиянын Премьер-министри. 

Р.Эрдоган 2012-ж. 3-июлда “Стамбул-Бишкек-Улан-Батор” авиа каттамынын, 19-юлда “Стамбул-Ош “ түз каттамынын жана жакында “Pеgasus Airlines” авиакомпаниясы тарабынан жакындан бери ачылган “Бишкек-Ош” каттамдарынын ачылыштарын канааттануу менен белгиледи. 

Эки өлкөнүн Премьер-министрлери кызматташуунун негизги багыты болуп соода- экономика эсептелээрин белгилешти жана жакынкы жылдары өз ара соода жүгүртүүсүн 1 млрд. АКШ долларына жеткирүүнү белгилешти. 

Премьер-министр Р.Эрдоган түрк ишкерлери  гидроэнергетика, жеңил өнөр жай, агрардык тармактарга капиталдарын салууга кызыктардыгын айтуу менен  эки тараптуу кызматташууда негизги багыттардын бири болуп маданий байланыштарды да өнүктүрүү маанилүү экендигине токтолду. Буга байланыштуу Кыргызстанда Түркиянын Маданият үйүн куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү сунуштады.

Премьер-министр Р.Эрдоган ошондой эле быйыл түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп Түркиянын Эскишехир шаары болгонун жана ушул шаарда кыргыз маданиятынын күндөрүн өткөрүүнү,Эскишехир жана Ош достошкон   шаарларын байланышын күчөтүү тууралуу маалымдады.

Премьер-министр Р.Эрдоган кыргыз тараптын Түркияда Чынгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу  тууралуу демилгесин колдоду жана улуу жазуучунун 85 жылдык мааракесин Эл аралык деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын  7-жыйыны  ушул жылдын 13-15 августунда Анкара шаарында өтүлүшүн макулдашышты. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү