28
Ноябрь
Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстан менен Өзбекстандын Премьер-министрлери Жантөрө Сатыбалдиев жана Шавхат Мирзиеев эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин кеңири талкуулашты.
Өзбекстандын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев башында турган Кыргызстан тараптын өкүлдөрүн кабыл алып жатып, Өзбекстан Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кызыктар экендигин билдирди.
“Жантөрө Жолдошевич, биздин жолугушуубуздун жыйынтыгы менен эки тараптын тең министрлери тиешелүү маселелерди чечип алмайынча кетишпейт. Бул жолку жолугушуу эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы маанилүү маселелерди чечүүгө, эң башкысы – татаал маселелердин чечилишине жол ачат. Биз жакын коңшу катары, Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө кызыктарбыз. Биздин элдерибиз диний, маданий баалуулуктарды тең бөлүшкөн калк”, -деди Шавкат Мирзиеев.
Ал бүгүнкү жолугушууга министрликтер менен мекемелердин бир топ жетекчилерин чакырганын айтты. “Биз белгиленген чек ара тилкелери боюнча документтерге кол койгонго даярбыз”,- деди Өзбекстандын Премьер-министри.
Өз кезегинде Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз тарап кыргыз-өзбек мамилесинин баардык маселеси боюнча диалогго даяр экендигин билдирди.
“Акыркы мезгилде эки тараптын кызыкчылыгынын деңгээлинен чечүүнү талап кылган маселелер пайда болду. Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык байланышты кеңейтүүгө өзгөчө маани берет. Биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланалы.2009-жылдан бери комиссиянын бир да жыйыны өткөн эмес экен. Биргелешкен аракет менен биз Бишкекте кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун жакынкы аралыкта өткөрөлү. Диалогго баруу менен ар кандай маселени чечүүгө болот. Бүгүнкү жолугушуу биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыздын жаңы деңгээлге көтөрүлүүсүн камсыз кылат”, -деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Премьер-министри эки мамлекеттин чек арага аймакташ облустарынын өкүлчүлүктөрүнүн үзгүлтүксүз байланышы соода, чек ара маселелерин чечээрин айтты.
Ошондой эле, тараптар суу-энергетикалык маселе, газ, минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, кыргыз-өзбек чек арасында өткөрмө пункттарынын, өзгөчө “Достук” пунктунун толук кандуу иштөө маселесин сөз кылышты.
Өкмөт башчылар Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр ташуу маселесин да талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки мамлекеттин Премьер-министрлери кызматташууга тоскоол болгон маселелер чечилээрин айтышты.
Маектешүүнүн соңунда Кыргызстандын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өзбекстандын Премьер-министри Шавхат Мирзиеевди ага ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү