16

Декабрь

2012

Бүгүн,15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунун активи менен жолугушту.

Жолугушуунун башталышында КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Баткен, Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлери, райондордун акимдери социалдык-экономикалык абал тууралуу Премьер-министрге маалымат беришти.

Өкмөт башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев сунуштаган экономиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча Стратегиясы (өнүгүүнүн жолкартасы) жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары Ж.Сатыбалдиев быйылкы жылы курулуш сезону толугу менен “кыйраганын” белгиледи. “Келерки жылы каржылоону февраль айында ачабыз. 2013-жылдын бюджетине капиталдык салымга 2 млрд. сом киргизилди”,- деди Премьер-министр.

Ж.Сатыбалдиев келерки жылы Лейлек районундагы  чек ара жанындагы Максат айылында  «Кожо-Бакырган-Сай» дарыясында эки көпүрө курулаарын билдирди.

Премьер-министрдин чек ара жанындагы Таш-Тумшук айылында  миграцияны азайтуу максатында кандай иш-чарлар жүргүзүлүп жатат деген суроосуна райондун акими Сейитмурат Калыков акыркы бир жарым жыл ичинде бир да тургун  үйүн сатам деген жок деп жооп берди. “Элдер акырындап мамлекетке ишеним арта башташты”,- деди Баткен районунун акими.

Баткен шаарынын акими Сейдакмат Эрматов Баткен шаарынын электр энергиясы боюнча карызына токтолду. Анын сөзү боюнча, акыркы жылдары энергетиктердин алдында 5 млн. 241 миң сом карыз топтолуптур. Ж.Сатыбалдиев бир айда эки жолу республикалык штабдын селектордук жыйынын өткөзөрүн белгиледи. “Бирок аталган проблеманы сиз бир да жолу көтөргөн жоксуз. Ошондой эле 80 млн. сомдук бюджет болсо да, шаарды жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлгөн эмес. Эмне үчүн бул максатта жылына жок дегенде 2 млн. сом сарптаса болбосун. Сиз иштеген 3,5 жылда алты, жети көчө оңолуп калмак”,-деди Ж.Сатыбалдиев.

Премьер-минстр сөзүн жыйынтыктап жатып, айыл округдарды, район менен шаарларды өнүктүрүүнүн реалдуу жана конкреттүү пландарын иштеп чыгууну жергиликтүү бийлике тапшырды.

Андан соң жарандарды жеке кабыл алуу болду жана ушуну менен Өкмөт башчысынын Баткен облусу боюнча эки күндүк  иш сапары аяктады.

КР Өкмөтүнүн аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү