18
Декабрь
Пресс-релиз Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби жөнүндөгү Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүү каражаттары долбоорун даярдоо
Пресс-релиз
2030-жылга чейинки мезгилде Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби жөнүндөгү Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүү каражаттары жана Улуттук ыктыярдуу баяндоонун (Улуттук ыктыярдуу баяндоо – 2020) долбоорун даярдоодо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңири маалымат алуусун жогорулатуу максатында, 2019-жылдын 17-декабрь күнү «Парк отелде» Кыргызстандын ЖМКларынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинары болуп өттү.
2019-жылдын 17-декабрында «Парк отелде» Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн жана Кыргызстандын мониторинг жана баалоо улуттук тармактарынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган «2030-жылга чейинки мезгилде Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби жөнүндөгү Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүү каражаттары жана Улуттук ыктыярдуу баяндоонун (Улуттук ыктыярдуу баяндоо – 2020) долбоорун даярдоо» темасында семинар өткөрүлдү. Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
2015-жылдын сентябрь айында болуп өткөн БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясында, БУУга мүчө-мамлекеттердин катарында Кыргыз Республикасы дагы «Биздин дүйнөнүн кайра өзгөрүүсү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартип» Резолюциясын колдогон.
Туруктуу өнүгүүнүн максаттары – бул 2030-жылга чейин БУУнун мүчө-мамлекеттери тарабынан жетишүүгө макулдашылган 17 глобалдык максаттар жана 169 тиешелүү маселелер.Туруктуу өнүгүүнүн максаттары комплекстик жана бөлүнбөй турган мүнөздө болуп, туруктуу өнүгүүнүн үч компонентин, экономикалык, социалдык, экологиялык теңделишин камсыздайт жана жакырчылыкты жоюуга, планетанын ресурстарынын сакталышына, бардыгынынсак-саламаттыгын камсыздоого багытталган.
2020-жылдын июль айында БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумунда Кыргыз Республикасы биринчи жолу Улуттук ыктыярдык баяндоосу менен тааныштырат. Улуттук ыктыярдык баяндоо – бул акыркы жылдар жасалып жаткан иштердин тажрыйбасын жана жыйынтыгын чагылдырган жөн гана документ эле болбостон, туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн кеңири иш-аракеттердин тартибин өзүнө камтышы керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө,Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана 2020-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи жолу Улуттук ыктыярдуу баяндоосу өткөрүлүп жаткандыгы жөнүндө ЖМК өкүлдөрүнүн кеңири маалымат алуусу өтө маанилүү экендигин жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды ЖМКларда ар дайым чагылдырып туруу зарыл экендигин белгиледи.
Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн жана Кыргызстандын мониторинг жана баалоо улуттук тармактарынын координаторлору Нуршат Абабакиров жана Татьяна Третьякова семинардын катышуучуларын Туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен тааныштырып, анын жетишкендиктерин жана мыкты тажрыйбаларын эмне үчүн чагылдыруу керек экендигин түшүндүрүп беришти.
Ошондой эле, болуп өткөн иш-чаранын алкагында, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын жаатында, мониторинг маселелери боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын, социалдык маселелер, экология жана айлана-чөйрөнү коргоодо, ошондой эле башкаруу, соттук, укук коргоо тутумундагы реформалар, башкаруу жетишкендиктери ж.б. баалоо жөнүндө бет ачар менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.
Семинардын катышуучулары окутуу жараянында, жакырчылыкты жоюу, планетаны коргоо, жалпы адамзатка тынчтыкты жана өркүндөп-өсүү боюнча универсалдык аракеттерге үндөгөн Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары менен таанышышты. Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө, келечек муунга планетаны жакшы абалда мураска калтыруу үчүн, мамлекеттик органдардын, ЖМКлардын, жеке сектордун, жарандык коомчулуктун жана жарандардын кызматташуусун талап кылат.
Бул багыттагы иштер мамлекеттик органдар, ошондой эле башка уюмдар тарабынан дагы иштер жүргүзүлүп келе жатат.