14

Февраль

2020

2020-жылдын 14-февралында региондор үчүн өткөрүлгөн семинар-видеоконференциянын пресс-релизи

ПРЕСС-РЕЛИЗ

2020-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан уюштурулган«Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары, 2020 - Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун даярдоо» семинар-видеоконференция болуп өттү.

Семинарды өткөрүүнүн максаты, учурдагы Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун даярдоо жана БУУнун Туруктуу өнүгүү жана глобалдык өнүгүүнүн Күн тартиби менен өз ара байланышынын контекстинде, Кыргыз Республикасынын региондорунун өнүгүүсүнүн улуттук артыкчылыктары тууралуу түшүндүрүү болуп саналат. Семинардын катышуучуларынын алдында жумушчу топтун жетекчилери (ЭМ, ЮМ, ЭСӨМ, Токой агенттиги, Улутстатком), жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын өкүлү чыгып сүйлөштү.

Семинарга 150дөй адам катышты, анын ичиндеБишкек (4 административдык район кошо) жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ жана этностор агенттигинин өкүлдөрү катышышты.


Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары,  2020 - Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун даярдоо» семинар-видеоконференциянын

ПРОГРАММАСЫ

Өткөрүү күнү жана орду:

2020-жылдын 14-февралы, Өкмөт үйүнүн видеоконференцзалы (Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 207, тел.: 0559-955-905), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн видеоконференцзалдарында,Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында, жергиликтүүадминистрацияларда

Жолугушуунун катышуучулары:

150 катышуучу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо боюнча жумушчу топтордун жетекчилери, ЖӨБ жана этностор агенттиги,КРӨА

Модератор:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги


14:30-15:00

Каттоо

15:00-15:20 

Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун даярдоо жана БУУнун Туруктуу өнүгүү жана глобалдык өнүгүүнүн Күн тартиби менен өз ара байланышынын контекстинде, Кыргыз Республикасынын региондорунун өнүгүүсүнүн улуттук артыкчылыктары жөнүндө куттуктоо сөз жана презентация Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Алыбаев Автандил Шейшенбековичке берилет

15:20-15:25

Суроолор жана жооптор

15:25-15:40

Кыргыз Республикасынын Баалоо жана мониторингдөө улуттук тармагынынкоординатору Татьяна Третьякованын чыгып сүйлөөсү: «Кыргыз Республикасынын региондорунда туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда жарандык коом уюмдарынын катышуусу”

15:40-15:45

Суроолор жана жооптор 

15:45-16:00

Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын өкүлү Наргиза Абдыкалык кызынын чыгып сүйлөөсү 

16:00-16:05

Суроолор жана жооптор

16:05-16:20

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Солтонбекова Ализа Карыпбековнанын социалдык маселелер боюнча жумушчу топтун иши тууралуу презентациясы

16:20-16:25

Суроолор жана жооптор

16:25-16:40

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Шерипов Элдияр Женишовичтин, айлана чөйрөнү коргоо жана экология маселелери боюнча жумушчу топтун иши тууралуу презентациясы

16:40-16:45

Суроолор жана жооптор

16:45-17:00

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Сарымсаков Манас Болотовичтин укук коргоо тутумдары жана башка аймактык контекс менен байланышкан башкаруу, соттук реформа маселелери боюнча жумушчу топтун иши тууралуу презентациясы

17:00-17:05

Суроолор жана жооптор

17:05-17:20

Улуттук статистика комитетинин айлана-чөйрө жана туруктуу өнүктүрүү статистикасы башкармалыгынын башчысы Керималиева Назиранын туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнү баалоо жана мониторлоо маселелерибоюнча жумушчу топтун иши тууралуу презентациясы

17:20-17:25

Суроолор жана жооптор

17:25-17:40

Жыйынтыктарды чыгаруу. Жабылышы.

Электрондук регион

Календарь