17

Февраль

2020

2020-жылдын 17-февралындагы илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуунун пресс-релизи

ПРЕСС-РЕЛИЗ

2020-жылдын 17-февралында Парк Отель мейманканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук баалоо жана мониторингдөө тармаганын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү 2020 - Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтордун,Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен маалыматтык-консультациялык жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун катышуучуларынын алдында жумушчу топтун жетекчилери (ЭМ, ЮМ, ЭСӨМ, Токой агенттиги, Улутстатком), жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Билим  берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Иш чарага 40 адам катышты- Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун, Молекулалык биология жана медицина илимий-изилдөө институтунун, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты (Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргызстандын эл аралык университети, БГУ, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, КМУУ, КТУ, КРСУ, КМУ, Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети).