19

Май

2015

Кыргыз Республикасынын маморгандарынын басма сөз катчылары “Санариптик доордогу коммуникациялык стратегиялардын түзүлүш» тренингине катышты

Бүгүн, 19-майда, жарыяланган “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомстволорунун басма сөз катчылары үчүн “Санариптик доордогу коммуникациялык стратегиялардын түзүлүш» темасы боюнча тренинги өтүүдө. Тренинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан Бишкектеги ЕККУ борборунун көмөгү астында уюштурулган. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарын реформалоону колдоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун экинчи этабынын бөлүгү катары саналат. Анын алгачкы баскычы катары басма сөз катчылар үчүн ай башындагы Грузия Республикасынын Тбилиси шаарына болгон көчмө семинар-тренинги эсептелет. Тренинг үч баскычтан туруп, 19-22-майга дейре өткөрүлөт. Басма сөз кызматтары билим берүү процессин өркүндөтүү үчүн экономикалык, күч жана реалдуу сектор жана социалдык тармактар блогуна бөлүнгөн. Тренингди өткөрүү үчүн эл аралык медиа-эксперт жана Улуу Британиядагы Салфорд Университетинин “Эл аралык журналистика” программасынын жетекчиси Марек Бекерман чакырылган. Кошумча тренер катары – машыктыруучу-консультант, Кыргыз-Россия Славян Университетинин Журналистика фактультетинин окутуучусу, Менеджмент боюнча консультанттар институтунун мүчөсү Елена Воронина чыгууда. Тренингди уюштуруунун негизги максаты – мамлекеттик ведомстволордун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жана калк алдындагы отчеттуулугун камсыздоо үчүн коом жана маморгандар ортосундагы конструктивдүү баарлашууну түзүү. Окутуу программасынын дарстык жана практикалык бөлүгү басма сөз катчыларынын муктаждыктарына дал келүүсү үчүн ал алдын-ала сурамжылоонун негизинде түзүлгөн. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик органдардын бирдиктүү коммуникативдик стратегиясын түзүү, коммуникациялык подразделениенин жемиштүүлүгүн талдоого алуу, социалдык медианы коммуникация куралы катары пайдалануу жана башка темалар боюнча тереңдетилген түшүнүк алышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү