13
Ноябрь
2020
Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик тил сынагын берди
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик кыргыз тил сынагын берди.
Мамлекеттик тил сынагы беш субтесттен турат.
Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт.
Президенттин м. а., Премьер-министр Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды.