03

Март

2015

Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоого алууну өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Белгилесек, Программа келечектеги үч жылга карата социалдык коргоо тутумун өнүктүрүү максатын аныктап, 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жыйынтыгын талдоону эске алуу менен социалдык коргоо абалын жакшыртууга багытталган жана ал максаттарга жетүү жолун камтыйт. 2015-2017-жылдарга карата Программанын максаты катары сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо жана социалдык жактан корголбогон жарандар категориясы, оор абалдагы үй-бүлө жана балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жактар жана кары-картаңдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү болуп эсептелет. 2015-2017-жылдарга карата Программаны ишке ашырууга республикалык бюджеттен 24886,0 млн. сом каралган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү