18
Сентябрь
Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу Келишимди ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү аралык 2012-жылдын 20-сентябрындагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу Келишим боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелерин аткаруу максатында кабыл алынган.
Токтом боюнча, Акбулуң ГЭСин жана Нарын – 1 ГЭСин курууга 312,41 га жер тилкесин бөлүү каралууда, аларды ишке киргизүүдө 533 млн кВт саат көлөмүндөгү электр энергиясынын иштелип чыгышына мүмкүндүк түзүлөт.
Календардык графикке ылайык, Акбулуң ГЭСинин жана Нарын – 1 ГЭСинин курулушунун негизги бөлүгүн баштоо иши 2014-жылдын соңуна пландаштырылган.
Белгилей кетчү нерсе, курулуп жаткан Жогорку-Нарын каскады долбоордук кубаттуулугу 237,7 МВт эсептелген төрт гидроэлектростанцияны курууну камтыйт жана жылына, орточо алганда, 942 млн кВт саат энергия иштеп чыкчу Жогорку-Нарын ГЭС каскадын 6 жылда куруп бүтүү пландаштырылууда.
Учурда тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Жогорку-Нарын каскадынын калган ГЭСтерин курууга керектелчү жер тилкесин бөлүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү