29

Октябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамагенттикти түзүү тууралуу чечим кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынында Өкмөттүн “Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуунун натыйжалуулугун камсыздоо маселеси жөнүндө” токтом долбоору жактырылган, анда КР Энергетика жана өнөр-жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин (ОЭК) жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментти Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке айландыруу маселеси каралган.

Жаңы мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө” Мыйзамына ылайык, функцияларды так бөлүштүрүү максатында түзүлүүдө, отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү саясатын уюштуруу милдети Энергетика министрлигинде калтырылып, ал эми энергетика тармагындагы жөнгө салуу функциясы жаңы мамлекеттик агенттикке берилмекчи.

Түзүлүп жаткан мамлекеттик агенттиктин негизги милдети катары электрди, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөчүлөр жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыздоо, отун-энергетикалык комплекс жаатындагы антимонополдук жөнгө салууну ишке ашыруу, ОЭК тармагындагы ишкердүүлүктү лицензиялоо жана лицензиялык шарттардын сакталышын көзөмөлдөө, электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына карата тарифтерди орнотуу болуп эсептелет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү