22
Ноябрь
2014
Илимдин келечеги өлкөнү социалдык жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мампрограммалардын багыттары менен тыгыз байланышта болуусу керек
Бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илимди реформалоо боюнча иштиктүү топтун жыйыны болуп өттү.
Жыйын учурунда иштиктүү топтун илимди башкаруу моделдери, илимди финансылык камсыздоону талдоо, кадрдык мүмкүндүктү жогорулатуу мүмкүндүгү боюнча иштеп чыгуулары тартууланды.
Талкуунун негизги темасы катары Кыргыз Республикасындагы илимдин маңызы жана келечегин аныктоо маселеси көтөрүлдү. Иштиктүү топ мүчөлөрүнүн пикири боюнча, илимдин келечеги өлкөнү социалдык жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалардын багыттары менен тыгыз байланышта болуусу керек.
Талкуунун жүрүшүндө илимий иликтөөгө карата мамлекеттик буйрутма аткаруучуларын тандоодо ачык-айкындуулук болуусу керектигине басым жасалды.
Илимди реформалоо боюнча иштиктүү топ кеңешмесинин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Илимди реформалоо боюнча концепция иретинде тартууланат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү