24

Август

2020

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбектин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбектин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.