25

Август

2020

Суу ресурстары агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.