24
Август
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.
Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.