24
Август
2020
Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.
Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.