31

Декабрь

2020

Электрондук документ түрүндөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды

Электрондук документ түрүндөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Тактап айтканда, уюмдар үчүн квалификациялык электрондук кол тамгасы бар электрондук документ түрүндөгү салыктык отчет берүү мөөнөтү  2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. 

2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Буга катар жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү жеке ишкерлер тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылат.