11

Февраль

2013

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасы коомдогу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштерди өркүндөтүү жана жарандарга мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн оперативдүү берүү максатында уюшулганын белгилейбиз.

 Кабылдаманын негизги максаты жарандарга алардын мүмкүнчүлүктөрү, милдеттери жана укуктары тууралуу кеңеш берүү, ошондой эле кабылдамага кайрылган көйгөйүн чечүүгө практикалык жардам берүү болуп эсептелинет.

Кабылдамада кабыл алуу ар күн сайын (дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00 -17.00) кабылдаманын жоопту кызматкерлери жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бекитилген графикке ылайык кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасы Өкмөттүн Аппаратынын административдик имаратынын каптал тарабынан төмөндөгү даректен орун алган:

 Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 207.

Кабылдаманын телефону(0312) 62-53-58

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү