17
Май
2012
Бугүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун Жаңы-Алай аймагынын Жаңы-Арык айылына караштуу И.Умаров атындагы орто мектебине барды.
И. Умаров атындагы орто мектеп 1984-жылы чабандар үчүн курулган мекемеде жайгашкан. 2009-жылы мектеп ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган. Жаз айларынан баштап мектеп окуучулары чатырларда билим алып жатышат.
Премьер-министр Өкмөт жаңы мектеп куруп берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрөөрүн билдирди.
Өкмөт башчы ушул эле аймактын 250 га аянттын сугаруучу насос станциясынын иши менен таанышты. Былтыркы жылы Ага Хан фонду 1млн.730 миңге каржылаган ремонт иштери жүргүзүлгөн.
Өмүрбек Бабановго аймактын тургундары насостук станцияга сарпталган электр энергиясынын чыгымдарын төлөп берүү маселеси менен кайрылды.
Мындан кийинки иш сапарын Ө.Бабанов Кароол аймагынын Шералы айылына караштуу Кара-Дарыя дарыясынын жээгине курулуп жаткан дамбага баруу менен улантты. Дамбанын узундугу 8-16 км жетип Кара-Дарыянын түштүк-батышында жайгашкан аймактардын коопсуздугун камсыздайт.
Азыркы учурда Өкмөт башчы Өзгөн районунун активи жана калкы менен жолугушууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү