24

Ноябрь

2020

Мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча сунуштарды чогултуу жана талдоо улантылууда

Учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 6-ноябрдагы № 551 буйругу аркылуу түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп жана талдап чыгуу боюнча иштер улантылууда.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы башкаруунун оптималдуу түзүмүн жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын өз-ара аракеттешүү тутумун уюштуруу жана көйгөйлөрдү ар тараптуу карап чыгуу максатында жарандык коом өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана көзкарандысыз эксперттерди мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча өз сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүүгө чакырат.

Сунуштарды төмөнкү электрондук почтага жөнөтүүнү өтүнөбүз y.bedash@mail.gov.kg же ukaev@mail.gov.kg 

Байланыш телефондору: (0-312) 96-01-73 же 96-01-76.