18

Январь

2012

  Бүгүн, 18-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 10-январдагы №5 буйругунун негизинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды ажыратуу менен деталдаштыруу жана штаттык санын кыскартуу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы, ошондой эле Комиссиянын 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш планы каралды. Эскерте кетсек, аталган жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды ажыратуу менен деталдаштыруу жана штаттык санын 20 пайызга кыскартуу мксатында түзүлгөн.   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Коргоо министрлигинен тышкары бардык министирликтер боюнча жумушчу топтун сунуштары коюлду.     Отурумдун жыйынтыгында төмөнкү сунуштар айтылды: Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды ажыратуу менен деталдаштыруу жана күч түзүмдөрүнөн тышкары штаттык санын кыскартуу боюнча жумушчу топтун сунуштарына макул болуу; Министрликтердин статс-катчылары 3 күндүн ичинде министрликтерди башкаруунун жобосунун долбоорун жана схемасын иштеп бүтүрсүн.  Жумушчу топ 2 күндүн ичинде министрликтерди башкаруунун жобосунун жана схемасынын долбоорлорун бирдиктүү стандартка келтирүү жана жумушчу топтун сунуштарына дал келтирүү үчүн экспертизадан өткөрсүн.   Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды ажыратуу менен деталдаштыруу боюнча жумушчу топтун иши административдик ведомстволордун функцияларын кароо жана штаттык санын кыскартуу боюнча уланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча Комиссиянын кароосуна чыгарыла тургандыгын белгилеп коюу кажет.