10

Апрель

2015

Өкмөткө караштуу гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 9-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиеванын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйын кеңешин ачууда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдиргендей, гендердик теңчилик маселеси жарандык тармак өкүлдөрү тарабынан активдүү алга жылдырылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тыкыр көзөмөлдөөсүндө турат. “Гендердик теңчилик маселеси такай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмерлигинин алдыңкы катарында турат жана гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынууда. Бирок учурда бардыгыбыздын алдыбызда жыныстык белгиси жана адам укугун коргоо боюнча дискриминацияга жол бербөө боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун иш-аракетин координациялоону камсыздоо үчүн жаңы милдеттер турат», — деди ал. Андан соң кеңеш мүчөлөрү жыйын күн тартибинин маселелерин талкуулоого киришти. Тактап айтканда, алар Кыргыз Республикасында 2012-2014-жылдарга Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырууну мониторингдөө жыйынтыктары, Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракет пландын долбоору жана 2015-жылдын 2-3-мартында өткөн Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунун сунуштары тууралуу маалыматты укту. Күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо учурунда вице-премьер-министр билдиргендей, мамлекеттик чыгымдардын кыскартылышы гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо маселесинде чектөөдө. “Муну эске алуу менен мамаоргандар жана ЖӨБ орган жетекчилери Улуттук стратегия жана Улуттук иш-аракеттер планындагы келечектүү багыттарды эске алуу менен тармактык пландарды карап чыгып, бюджеттерди уюштуруу учурунда гендердик аспектилерди ишке киргизүү боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуусу тийиш», — деди Дамира Ниязалиева.   Жыйындан соң вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракет пландарын ишке ашырууга багытталган тапшырмаларды берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү