12

Декабрь

2014

Кыргыз-санкт-петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча комиссиясынын VI кеңешмеси өттү

Бүгүн, 11-декабрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Дилдин жана Санкт-Петербург Өкмөтүнүн мүчөсү, Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьевдин төрагалыгы астында Кыргыз-санкт-петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөт аралык биргелешкен комиссиясынын VI кеңешмеси болуп өттү.

Комиссиянын ишин ачууда Валерий Диль белгилегендей, кыргыз-орус мамилелеринин контекстинде Санкт-Петербург шаары менен кызматташууну чыңдоо жана мындан ары карай активдештирүү – Кыргызстандын тышкы экономикалык жана тышкы саясатындагы келечектүү багыттардын бири.

“2013-жыл үчүн Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун тышкы соода жүгүртүүсү 55,2 млн АКШ долларын түздү жана 2012-жылдын көрсөтүлгөн мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге жогорулады. 2014-жылдын 6 айы үчүн Кыргыз Республикасынын жана Санкт-Петербургдун тышкы соода көлөмү 3 эсеге жогорулап, 47,8 млн АКШ долларын түздү. Бул факт бизге келечектеги кызматташууга үмүт берет», — деди вице-премьер-министр Валерий Диль.

Өз кезегинде Евгений Григорьев белгилегендей, кызматташуу алкагында Санкт-Петербург шаарындагы эмгек рыногунун абалын маалымдоо максатында Бишкек шаарындагы жумуштуулук борборунун базасында консультациялык пункт уюштурулган.

«2012-2014-жылдар аралыгында Санкт-Петербург шаарынын 30 университетинде 211 кыргызстандык студент окуп, ал эми 27 студент орто кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өткөн. Маданий-гуманитардык жааттагы кызматташууну кеңейтүү максатында Россия Өкмөтү Кыргызстан жарандары үчүн 10 дон 15 миң жаранга дейре жогорулатуу чечимин кабыл алды», — деди ал.

Конструктивдүү жана достук маанайда өткөн Өкмөт аралык комиссия жыйынынын жүрүшүндө Тараптар эмгек, жумуштуулук, миграция, саламаттык сактоо жана социалдык саясат, айлана-чөйрөнү коргоо, маданият, билим берүү жана илим жаатында жана ишкердүүлүк жана курулуш тармагындагы кызматташуу маселесин талкуулады.

Тактап айтканда, Комиссия Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Санкт-Петербургдун Эмгек жана жумуштуулук борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарын Санкт-Петербург ишканаларындагы бош орундарга уюшкан түрдө кабыл алуу ишин улантуусун сунуштады.

Кыргыз Республикасы жана Санкт-Петербург шаары аралык кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын ташып келүү жаатындагы кызматташуунун өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүндүктүн бар экендигин эске алуу менен, КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине Санкт-Петербургдун ишкердүүлүктү жана керектөө рыногун өнүктүрүү боюнча комитети менен биргеликте айыл чарба продукциясын Кыргызстандан Санкт-Петербургга ташууну уюштуруу мүмкүндүгү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Аталган маселени талкуулоодо Валерий Диль белгилегендей, жакын арада айыл чарба продукциясын узак мөөнөткө сактоо үчүн жогорку технологиялык кампалар тармагы пайда болот.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жана Санкт-Петербургдун ЖОЖ жана илимий уюмдарынын кызматташуусун улантуу жөнүндө келишимге кол коюлган.

“Билим берүү жаатындагы кызматташуу – биздин коңшулук байланыштарды тереңдетүүгө мүмкүндүк берүүчү негиз болуп саналат. Биз билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө басым жасообуз зарыл, анткени бул нерсе – элдердин ортосундагы көпүрө сыяктуу байланыштыргычтын ролун ойнойт», —деп белгиледи Валерий Диль.

Кыргыз-санкт-петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынын 2015-жылдын орто ченинде Санкт-Петербург шаарында өтөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү