30
Октябрь
Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин экинчи отурумун өткөрдү.
Жыйында 13-15-ноябрда өтө турган Эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалын жана 14-17-ноябрда өтө турган “Чыңгыз Айтматов жана Ысык-Көл Форуму: маданий диалог жана цивилизациялардын жакындашуусуна көмөктөшүү” аттуу Эл аралык форумду даярдоо жана өткөрүү талкууланды. Бул иш-чаралар жөнүндө маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев баяндама жасады.
Вице-премьер министр К.Талиева Уюштуруу комитетинин экинчи отурумун жыйынтыктап жатып: “Азыр биздин алдыбызда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине байланыштуу иш чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү милдети турат”, - деп белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү