24
Октябрь
2014
Бишкек шаары боюнча биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттары (инфографика)
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясынын алкагында Бишкек шаары боюнча биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттары жөнүндө инфографиканы сунуштайбыз.
Эскертсек, Бишкекте биометрикалык маалыматтарды массалык түрдө каттоо жүрүүдө: 10 манжанын тагын алуу, санариптик сүрөт, жеке колтамгасы талап кылынат.
Каттоо паспорт аркылуу, каттоодо тургандыгынан көзкарандысыз түрдө, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациясында жайгашкан 50 пунктта жүргүзүлүүдө.
