01

Ноябрь

2013

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин    113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Ага ылайык, эки дем алыш күнү менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 8-ноябрындагы жумуш күнү 2013-жылдын 16-ноябрындагы дем алыш күнүнө которулат.

 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү