15

Март

2012

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) түзүлгөндүгүнө байланыштуу, финансы полициясынын органдарындагы кызмат орундарына талапкер болгон, жогорку кесипкөй жана моралдык сапаттарга ээ болгон талапкерлерди иликтөө максатында төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:  
Оторбаев Ж.К.   - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;  
Аширов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары;  
Сариев Т.А.   - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;  
Мусаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары – коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;  
Зилалиев Д.Т.   - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);  
Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;  
Ахметова Н.М.   - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;  
Тарбинский О.С.   - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Ошурахунова Д.М.     - “Демократия жана жарандык коом үчүн” коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);  
Мамбеталиева Т.Э. - “Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча);  
Пономарев С.В. - Кыргызстандын рынокторунун, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ишканаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).  
  2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 2-февралындагы № 153 буйругу күчүн жоготту деп табылсын. 3. Комиссия бир айлык мөөнөттө финансы полициясынын органдарындагы кызмат орундарына талапкерлерди иликтөө боюнча ишти аяктасын жана тандалган талапкерлерди дайындоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) төрагасына киргизсин. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.   Премьер-министр                                       Ө. Бабанов