11
Октябрь
2012
Эргешов Алтынбек Калдарович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев кол койду.