01

Декабрь

2012

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомун аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн төмөнкү кызмат адамдарына тартиптик жазалар берилсин:

-    эскертүү - Сариев Темир Аргембаевичке, Кыргыз Республикасынын экономика министрине;

- сөгүш:

Осмоналиев Айбек Шермамбетовичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасына;

Усеналиева Назира Сагындыковнага, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басарына.

 Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев