09

Май

2015

Соцтармактарда, анын ичинде WhatsApp аркылуу Ош шаарындагы экстремисттер даярдап жаткан жана Бишкек шаарындагы мыйзамга каршы акциялар тууралуу маалымат чындыкка жатпайт

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, Соцтармактарда, анын ичинде WhatsApp аркылуу экстремисттер даярдап жаткан жана мыйзамга каршы акциялар тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Соцтармактарда белгилүү адамдар тарабынан халифат түзүүнү жактоочулардын ишмердүүлүгүн күчтөндүрүүсү, ошондой эле жергиликтүү калк өздүк коопсуздукту сактоо максатында коомдук жайларга чыкпоосу жөнүндө маалымат таркатылууда. Ички иштер министрлиги Ош шаарындагы абал тынч экендигин жана даярдалып жаткан улут аралык кагылыш тууралуу маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын маалымдайт. Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралар пландаштырылган түрдө өткөрүлөт. Белгисиз жактар майрамдардын алдында негизсиз түрдөгү ар-кандай имиштерди таркатууда. ИИМ ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Жакын арада Ош шаарынын базарларында имиштерди таркатып жүргөн аялдар кармалды. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле даярдалып жаткан мыйзамга каршы акциялар тууралуу имиштер да чындыкка жатпайт. Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМ 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тараптан WhatsApp жана соцтармак аркылуу ар-кандай имиштерди таркатып жаткан 17-25 жаштагы эки жаш жигит жана бир кыз кармалган. Алар менен милиция кызматкерлери алдын алуучу маектерди жүргүзүп, тийиштүү документтер толтурулууда жана материалдар юридикалык баа берүү үчүн иликтөө органдарына өткөрүлөт. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана ар-кыл акциялардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары 30-апрелден тарта күчтөндүрүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМ аймактык жана өз алдынча подразделениелеринде Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча активдүү иш уланууда. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган укук бузуучу аракеттерге жол бербөө максатында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик Чекара кызматынын аймактык подразделениелери жана башка мамлекеттик органдар өз-ара аракеттешүү аркылуу посттордогу көзөмөлдөө-өткөрүү режимин күчтөндүрүү боюнча чараларды ишке ашырууда. Жалпы республика боюнча 2015-жылдын 9-майындагы майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда ички иштер органдарынын 7 миңден ашуун жана элдик ыктыярдуу дружиналардын 5 миң мүчөсү коомдук коопсуздукту камсыздайт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү