03

Февраль

2015

Өлкөнүн бардык түзөтүү мекемелерин бириктирген атайы комплексти түзүү мүмкүндүгү жөнүндө маселе каралууда

Бүгүн, 3-февралда, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында № 10-түзөтүү колониясын барып көрдү. Аталган мекеме 1964-жылы негизделген жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан. Мекемени кыдыруу учурунда вице-премьер-министрге маалымдалгандай, учурда камактагыларды тийиштүү көзөмөлгө алууну камсыздоо иретинде өлкөнүн бардык түзөтүү мекемелерин бириктирген атайы комплексти түзүү мүмкүндүгү жөнүндө маселе каралууда. Долбоор алкагында бардык заманбап талаптарга жооп берген комплексти түзүү пландаштырылууда, буга байланыштуу жалпы республика боюнча түзөтүү колониялары ээлеген бардык имараттар бошотулат. Ошондой эле долбоор ал имараттарды оңдоого, күзөтүүгө жана штаттык бирдиктерди камсыздоого, камактагыларды бир аймактан экинчи аймакка ташууга кеткен күйүүчү-майлоочу каражаттарга бөлүнчү бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, аталган маселе оңдуу чечилген кезде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан №10-колониянын шаардын четине чыгаруу боюнча көтөрүлгөн көйгөй чечилет. Вице-премьер-министр мындай маанилүү чечим кабыл алуу алдында маселе комплекстүү түрдө, ЖАМК жалпы тутумун башкарууну реформалоо жолу аркылуу чечилиши керектигин белгиледи. Жыйынтыгында Абдырахман Маматалиев тийиштүү түзүмдөргө бул маселени тыкыр иликтеп чыгып, долбоор жөнүндө маалыматты кошумча түрдө билдирүүнү тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү