29
Октябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемаларын жакшыртуу тууралуу маселе каралды
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча Комиссиясынын кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы астында өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемаларын жакшыртуу маселеси каралды.
Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө салык администрация процессинин автоматташтырылгандыгына байланыштуу МСК “борбор – район” эки деңгээлдүү башкарууга өткөрүү максатында, МСК Чыгыш, Түштүк жана Түндүк аймактары боюнча аймак аралык башкармалыктарын жоюу менен катар райондук салык органдарынын ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөө милдетин борбордук аппаратка жүктөөнү сунуштады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү