30

Ноябрь

2012

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү октябрь айында брондон чыгарган унду сатуу улантылып жатат.

 Бул чечим ундун, нандын жана нан азык-түлүктөрүнүн баасын төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Унду базар баасынан төмөн сатуу өлкөнүн соода-сатык жерлеринде 20-октябрдан башталган. 1-сорттогу ундун килограммынын баасы 23 сомдон, 2-сорттогу ун 17 сом 50 тыйындан берилүүдө. Ошентип 1-сорттогу бир мүшөк ун (50 кг) 1 150,00 сомдон, 2-сорттогу бир мүшөк ун (50 кг) 875,00 сомдон сатылууда.

 Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Материалдык резервдер мамлекеттик фондунун жана контрагент-ишканаларынын өкүлдөрү бүткүл өлкө боюнча 1-сорттогу2 888 195 килограммунду жана  и 2-сорттогу257 260 килограммунду сатышкан.

 Учурда бул ундарды сатуу соода-сатык жерлерде улантылууда. Баардык суроолор боюнча Мамрезервдик фондуна кайрылсаңыздар болот. Телефону: 0-312-45-64-12.

 КР Өкмөтүнүн  Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү