25

Август

2020

Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу – бул аймактагы элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу

Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу – бул аймактагы элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 

«Таза суу, ирригация, ички жолдорду оңдоо сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу үзгүлтүксүз улантылат. Кыргыз Республикасынын Президенти баса белгилегендей, элдин 65%ы айыл жергесинде турат. Алардын тиричилиги жер менен байланышкан. Ошондуктан элге таза суу жана ирригация маселеси чечип берүү абдан маанилүү. Анткени булардын чечилиши жергиликтүү элдин жашоо деңгээлин жогорулатып, жаңы жумуш орундарын ачат жана ички миграцияны кыскартууга түрткү болот», - деди Кубатбек Боронов. 

Ошондой эле Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда сапатка өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады. 

«Салынып жаткан жолдордун сапаты стандарттарга толук дал келиши зарыл. Кандай мамлекет болбосун экономиканы көтөрүүдө жолдордун ролу абдан чоң. Ошондуктан сапаттуу гана жолдор салынышы керек», - деди Кубатбек Боронов.