29

Декабрь

2017

Ренат Түлөбердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Түлөбердиев Ренат Темирбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр Нурханбек Момуналиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жамаатына жаны төрагасын тааныштырды.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү