04

Март

2020

Республикалык штаб кыргызстандыкка өз учурунда медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирет

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргыз Республикасынын жаранына өз учурунда медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирет.

2020-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын жараны - «Diamond Princess» круиздик кемесинин экипаж мүчөсү япон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган. 

Биздин жаранды коронавирус инфекциясына акыркы жолу текшерүү анын ооруга кабылбагандыгын көрсөттү. Кыргызстандыктын ооруканадан чыгарылганы тууралуу япон критерийлерине жооп берген медициналык сертификаты бар. Кыргыз Республикасынын жараны учурда Токио шаарында эркин жүрөт. 

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб биздин жаранга өз убагында адистешкен медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирет.