10

Июль

2020

Республикалык штаб: Мамлекеттик резервдер фонду жана Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти жакынкы айлар үчүн дарылардын корун түзүүсү зарыл

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы  Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти керектүү дарылардын тизмесин түзүп, жакынкы айлар үчүн резервди толтуруусу зарыл. Тийиштүү тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов берди.

«Бүгүнкү күндө  шаардын дарыканаларында айрым дарылардын жетишсиздигине даттануулар түшүүдө. Дем алыш күндөрү Бишкекке дары-дармектер жеткирилет. Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу зарыл», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.