24

Сентябрь

2020

Республикалык штаб: Коронавирус инфекциясынын курчушуна жол бербөө үчүн сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү зарыл

Адам бир эле убакта эки оору менен, сасык тумоо жана коронавирус инфекциясы менен ооруп калуу жана ал оор абалда өтүү коркунучу бар. Ошондуктан COVID-19дун курчушуна жол бербөө үчүн курч респиратордук вирустук жугуштуу илдеттерге каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген тизмеге жана тобокел топко киргендердин (аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуу аялдар, балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучулар, кары-картаңдар жана медицина кызмактерлери) 45% эмдөөдөн акысыз өткөрүлдү. 

Өз каалоосу менен эмдөөдөн өтүүнү каалагандар үчүн 25 жеке клиника акы төлөнүүчү негизде вакцинациялоо иштерин уюштурат. Анын наркы 450-750 сом болууда. Учурда 13 жеке менчик медициналык борбор бул багыттагы жумуштарын жүргүзүп жатат. Калган клиникаларды санитардык кызматтар талаптардын аткарылышын текшерүүдө. 

«Биз бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынан толук арыла элекпиз. Илдетти жугузуп алган учурлар айрым аймактарда көбүрөөк каттала баштады. Муну менен катар сасык тумоо оорусу менен ооруй турган учур да жакындап калды. Ошондуктан эмдөө иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш», - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков. 

Жыйындын жүрүшүндө аймактардагы эпидемиологиялык абал талкууланды. COVID-19дун тастыкталган учуру көп катталып жаткан региондорго Бишкек шаарынан дарыгерлерди жөнөтүү тапшырмасы берилди. 

Ошондой эле Казакстан тарап менен Россия Федерациясынан автобус менен келе жаткан кыргызстандыктарды чек арадан өткөрүү боюнча сүйлөшүү аяктаганы маалымдалды. Сүйлөшүүнүн негизинде мекендештер бул жолу Казактан Республикасынын аймагынан күндүз өтүп кетүүгө тийиш. 

Жыйындын соңунда чет мамлекеттерден келип жаткандарды текшерүү алгоритмин сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.