15
Январь
2015
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин жыйынтыгы: Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги позициясы
2014-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 04.04-31.12 мезгил алкагындагы ишинин жыйынтыгы” аттуу китепче даярдалган, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын жыйынтыгы чагылдырылган.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2014-жыл үчүн отчетуна ылайык, глобалдык атаандаштык көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 14 позицияга жогору көтөрүлүп, 107-орунга чыккан (мурда 121-орунда турган) жана өз көрсөткүчүн жакшыртуу боюнча дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелген.
Кыргыз Республикасынын 2014-2015-жылдардагы атаандаштык көрсөткүчү 3,7 баллды түзүп, өлкө рейтинг боюнча 121-орундан 108-орунга көтөрүлө алган.
Белгилей кетчү нерсе, өлкөдө рыноктук реформалардын натыйжалуулугу боюнча олуттуу прогресс жасалган. Аталган көрсөткүч боюнча, Кыргызстан 77-позицияда турат (2013-жылы өлкө 116-орунда турган), салык боюнча — 51-орун, соода боюнча тоскоолдуктар — 37-орунда турган. Натыйжада көрсөтүлгөн рейтинг боюнча өлкө 39-орунга чыгып, алга карай жылган.
Финансылык рынок боюнча көрсөткүчтөрдү өнүктүрүүдө прогресс белгиленген. Учурда өлкө 95-орунда турат, мурда 112-орунда турган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Doing Business рейтинги боюнча төмөнкү жетишкендиктерин белгилөөгө болот:
• бизнести ачуунун жеңилдиги боюнча — 12-орунда;
• насыялоого жеткиликтүүлүк боюнча — 13-орунда;
• инвесторлорду коргоо боюнча – 22-орунда;
• айлык акынын натыйжалуулугу боюнча — 26-орунда;
• экспорт боюнча — 44-орунда;
• салык төлөмдөрү боюнча — 51-орунда;
• өкмөт саясатынын ачыктыгы боюнча — 82-орунда;
• өкмөттү жөнгө салуу боюнча — 87-орунда.
Дүйнөлүк банктын Doing Business - 2014 (бизнести жүргүзүү) рейтингинде Кыргызстан Түркия жана Кытай мамлекеттеринен озуп, өткөн жылкы көрсөткүчүн эки пунктка алга жылдырып, 68-орунду ээлеген.
Азия Өнүктүрүү банкынын баалоосу боюнча, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн экономикалык башкаруу, социалдык саясат жана мамлекеттик секторунун көрсөткүчтөрүнүн жыйынтык рейтинги 14,4төн 16-пунктка дейре көтөрүлгөн.
Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк тарабынан кирешелер деңгээли боюнча өлкөлөрдүн жаңыртылган классификациясына ылайык, Кыргызстан киреше деңгээли төмөн өлкөлөрдүн катарынан чыгарылып, орточо киреше деңгээлдүү өлкөлөрдүн катарына киргизилген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү